Тарых


Кредиттик бюро “Ишеним”, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдө биринчилерден болуп кредиттик отчетторду даярдап чыгаруу ийгилигине жетишүүсү менен сыймыктанат.

Бюро 2003-жылдын март айында ЕвропАйддын финансылык колдоосу астында түзүлгөн. Ал эми андан кийинки жылдын февраль айында терс маалыматтарды гана камтыган алгачкы отчет даярдалган. Скоринг-системасын колдонууга киргизүү үчүн “Ишеним” 2004-жылдын ноябрь айынан тартып алгылыктуу оң маалыматтарды чогултуу ишин баштаган. Алгачкы “коңгуроо” – отчеттордогу тобокелдиктерге динамикалуу баа берүү” кызматтар/мониторинг мүчө болуп киргендерге 2005-жылдын 16-августунда дароо эскертүүлөрдү жөнөткөн.

“Ишеним”™ Кредиттик-Маалымат бюросунун жаңыдан аталышы (кыргыздын ишеним деген сөзүнөн) жана батыш стандарттарына ылайык бизнес жана маркетинг пландарынын кабыл алынышы 2004-жылдын ноябрь айынан 2005-жылдын сентябрь айына чейинки аралыкта көрсөтүлгөн чет өлкө техникалык жардамынын олуттуу натыйжасы.

“Ишеним”, өз мүчөлөрүнүн керектөөлөрүнө ылайык өнүгүү багытын улантууну, Кыргызстандын кредиттөө секторунда келип чыгышы мъмкън болгон тобокелдиктерди тескөөнү жөнгө салуу аркылуу экономикалык туруктуулукка жана кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн колдоого алууну пландаштырууда.