Кредитти кайдан алууга болот


кредиторлор

Албетте, "Ишеним" кредиттик бюросу потенциалдуу карыз алуучуларга кыйла атаандаштык шарттарында кредиттөөгө жөндөмдүү болгон өз мүчөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштайт.

зарыл документтер

Жогоруда көрсөтүлгөн уюмдар кредит алууда талап кылынган документтерди аныктайт. Негизинен:

жеке адамдар үчүн:

  • паспорт же болбосо анын ким экендигин тастыктаган, сүрөтү чапталган башка документ;
  • кредит алууга билдирме (мекеменин өзүндө толтурулууга тийиш);
  • салыктар боюнча карыздар жөнүндөгү маалыматтарЖ


юридикалык жактар үчүн:

  • паспорт же болбосо анын ким экендигин тастыктаган сүрөтү чапталган башка документ;
  • ИНН (салык төлөөчүнүн тастыктоочу номери)
  • бизнес план
  • алууга билдирме (мекеменин өзүндө толтурулууга тийиш).
  • салыктар боюнча карыздар жөнүндөгү маалыматтар.


Мүчө болбогон институттар карызыңардын жоктугу жөнүндө маалымат-каттарды ар бир потенциалдуу кредитордон кепилдик катары алып келүүнү дале талап кылышы мүмкүн. Мына ушунун өзү бизге мүчө болгон кредиторлор менен байланышка баруунун айкын түрткүсү, анткени алар өңчөйлөштүрүлгөн кредиттик отчет түрүндөгү маалыматтарды тез алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Андан ары эмнени күтүүгө болот?

Банк, МФИ же кредиттик союз "Ишенимге" кайрылат. Адеттеги иш ыргагында, биздин бюро келип түшкөн суроо-талапка бир жумуш күнү ичинде жооп берет. Кредиторлор, келип түшкөн бир билдирмени аны алган учурдан кийинки эки жума ичинде кароого алат. Албетте, майрам күндөрүнүн туш келүүсү же болбосо займдын ири суммада экендигине байланыштуу кароо процесси узартылышы мүмкүн. Жыйынтыгында кредиттик лимит жөнүндө чечим сыяктуу эле, күрөөгө карата талаптар, ар бир мүчөдөн - кредитордон сунушталат, ал эми "Ишеним" бул процесске эч кандай таасир эте албайт.

Ишиңиздерге ийгилик!

Биздин мүчөлөр