Негизги терминдер


кредит түшүнүгү - жаңыдан иш баштап жаткандар үчүн колдонмо

"Суроолор" бөлүгүнө кайралууңуздарды өтүнөбүз

Базель II: Банк секторунда мүмкүн болушунча ачык айкындуулукка, ликвиддүүлүккө жана төлөөгө жөндөмдүүлүккө чакырып, багыттаган эларалык стандарт; ал капиталга карата Базелдик Чектелген Талаптар катары белгилүү. Кыргыз Республикасы 2006-жылы күчүнө кире турган БезелңII стандартын кабыл алган.

баланс: займдын суммасы кайтарылууга тийиш. Эгерде дебитор 1000 АКШ доллары өлчөмүндө кредит алып, 600 АКШ долларын кайтарган болсо, баланста 400 АКШ доллары плюс колдонуудагы пайыз калат.

банкроттук: контекстке жараша, бул кредитти кайтарып алуунун мүмкүн эместиги же болбосо кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмеден сот процесси аркылуу формалдуу бошонгондук.

бейтараптык: кредиттик бюронун өз мүчөлөрүнө бирдей кароосу, б.а. бирөөсүнө артыкчылык берүү менен экинчисин басынтууга барбоо талабы.

бөлүп-бөлүп төлөө алдында берилген кредит (адеттеги кредит): белгилүү бир убакыт аралыгында бөлүп-бөлүп төлөнүүчү карыз (мисалы, ар бир айдын акыркы күнү).

дебеттик карта: банктык эсептен акчаны токтоосуз которгон электрондук төлөмдү түшүндүрөт. Кыргыз банктары кредиттик карттарга караганда дебеттик карттарды көбүрөөк чыгарышууда.

дебитор: товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү кредитке алган же болбосо кредити болгон адам.

дефолт: кредит боюнча төлөөлөрдү өз учурунда токтоткондон кийинки экинчи баскыч. Дефолт, мөөнөтүн узартууга караганда кыйла олуттуураак. Бул жагдай кредиттердин берилишине таасирин тийгизип, отчетто чагылдырылышы жана келечекте кредит алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы ыктымал

жалпыга жеткиликтүү маалымат: мыйзам талабына ылайык кредиттик бюрого жеткиликтүү болгон жана кредиттик тарыхка киргизилүүчү маалыматтар

камсыз кылынбаган карыз: ордунун толтурулуп берилиши шартында берилген кредиттер (күрөөсүз берилген кредиттер).

камсыздоо: мүлк, көпчүлүк учурда кредиттик келишимде каралган шарттарды бузууга жол берген учурда дебитор кредиторго өткөрүп берүүгө макул болгон кыймылсыз мүлк түрүндөгү, ошондой эле "күрөө" деген аталыштагы камсыздоо.

камсыз кылынган кредит: камсыздоо алдында берилген кредит.

ким экендикти тастыктоо: өмүр таржымалында камтылган туулган жылы, паспортунун номери сыяктуу маалыматтар аркылуу карыз алуучунун ким экендигин текшерүүдөн өткөрүү.

купуялуулук: маалыматтарды алмашуу системасынын жардамы аркылуу карыз алуучу жөнүндөгү "банктык купуялуулукка" кирген маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тиешелүү кредиттик бюро үчүн каралган катуу талап. "Ишеним", кредиттик тарыхты: биринчиден - мүчөлөрү үчүн, экинчиден - аны мүчө кредит алууга билдирмени карап жаткан учурда гана түзөт.

карыздык төлөөлөрдүн кредиттик жөндөмдүүлүккө карата катышынын коэффициенти: мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз кредиттик лимитке пропорционалдуу. Эгерде дебитор кредитти жана кредиттик картты кошо алганда, төлөөгө тийиш болгон 200 евронун ордуна 1000 евро төлөп коюшу мүмкүн. Анда, анын карыздык төлөмдөрүнүн кредиттик жөндөмдүүлүгүнө карата катышы 1:5 түзөт. Кредиторлор бул маалыматтарды тобокелдикке анализ жүргүзүүнүн инструменти (каражаты) катары пайдаланышат

кредит: ордунун толтурулуп берилиши шартында товарлар же кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу

кредиттик тарых: жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кредиттердин жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсеп сыяктуу башка милдеттенмелердин төлөнүшү же төлөнбөй калгандыгын каттаган жазуулар.

кредиттик карта: электрондук төлөмдү түшүндүрөт. Чыныгы кредиттик карт "камсыз кылынбаган" болуп саналат. Анткени эмитет анын ээсинен камсыздоону (күрөөнү) талап кылбайт

кредиттик бюро: кредит тарыхын түзгөн жана чыгарган (берген) уюм, ал ошондой эле "керектүү отчетторду түзгөн агент" катары да белгилүү

кредиттик суроо-талап: кредитордун талабы же кийинчерээк кредиттик тарыхка киргизилген кредиттик отчет. Кредиттик суроо-талапты (запрос) жөнөтө алган учурдар мыйзамда аныкталат

кредиттик лимит: кредитор берүүгө ниеттенип жаткан кредиттин максималдуу суммасы, айрым учурларда "максималдуу карыз" деп да аталат

кредиттик отчет: мыйзамда уруксат берилген формага ылайык кредиторго берилүүчү кредиттик тарыхты камтыган документ.

кредиттик регистр: кредиттик тарыхтар жөнүндөгү маалымат базасы, аны мамлекеттик сектор, адетте Улуттук же Борбордук банк жүргүзөт. Кредиттик регистр, кредиттик бюрого салыштырганда кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн гана сунуш кылат.

кредиттик рейтинг: төлөөгө жөндөмдүүлүктүн математикалык туюнтмасы (мисалы, мүмкүн болгон 10 баллдан, 7,8 балл), ал ошондой эле "скоринг-системасы" катары да белгилүү. Терс жана оң маалыматтарды топтоо, төлөөгө жөндөмдүүлүккө баа берүүгө караганда алда канча көбүрөөк убакытты талап кылат.

кредиттик союз (КС): кредиттерди берүү үчүн өз ресурстарын жалпы фондго топтогон жеке адамдардын тобу. Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзам табына ылайык кредиттик союздардын кеминде 10 мүчөсү болууга тийиш

кредитор: кредит берген адам же уюм.

кредитке жөндөмдүүлүк: карыз алуучунун өз милдеттенмелерине ылайык кредитти кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүгү.

кыймылсыз мүлккө берилген кредит: кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн берилген кредит. Ал ошондой эле "ипотекалык" кредит катары да белгилүү.

лизинг, лизингдик келишимдер: кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылууга эмес, пайдаланууга укук берген контракттык мамиле. Лизинг кредиттин негизинде жүзөгө ашырылат.

макулдук: кредиттик келишимде камтылган жана кредит боюнча маалыматты кредиттик бюрого берүү укугун кредиторго ыйгарган түшүндүрмө, бул шарт алынган маалыматтын кредиттик тарыхка киргизилишине укук берет.

микрокредит(майда кредит): жалпы алганда 500 АКШ долларына чейинки суммадагы кредит. Айрым кредиторлор жогоруда белгиленген лимиттин чегинде мына ушундай майда кредиттерди берүү менен иш алып барышат.

микрофинансылык агенттик: Кыргыз Республикасында кабыл алынган Мыйзамга ылайык бул, коммерциялык эмес формадагы микрофинансылык институт.

микрофинансылык институт (МФИ): микрокредиттерди берген кредитор. Буга эки түшүнүк камтылат: микрофинансылык компаниялар (МФК) жана микрофинансылык агенттиктер (МФА).

микрофинансылык компания (МФК): Кыргыз Республикасында кабыл алынган Мыйзамга ылайык бул, коммерциялык эмес формадагы микрофинансылык институт

мөөнөтүндө төлөбөгөндүк: кредиттин өз убагында төлөнүшүнүн токтотулушунан кийинки баскыч. 30 күндөн 120 күнгө чейин мөөнөтүндө төлөбөй өткөрүлүп жиберилген карыздык милдеттенме мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары катталуу менен кредиттик тарыхта терс мүнөздөгү маалымат болуп калат.

негизги сумма: кредиттин пайыздарсыз суммасы

оң маалыматтар: дебитордун кредиттик келишимдин шарттарына ылайык алган милдеттенмесин аткаргандыгы жөнүндө маалыматтар.

өзара алгылыктуулук: маалыматтарды беришкен мекемелерди гана кредиттик тарых менен камсыз кылууга тиешелүү кредиттик бюро үчүн каралган катуу талап

өбөлгөлөр: милдеттенме. Милдеттенмелеринин үлүшү олуттуу болгон Компания дебитор катары каралат.

пайыз: одоно айтканда, кредитордун карыз берүүдөн алган кирешеси. Эгерде, 500 фунт суммасында 20 пайыздык чен менен кредит берилсе, кредитор баштапкы 500 фунтту жана пайыз түрүндө 100 фунтту кайтарып алат

пикир келишпестиктер: кредиттик тарыхта камтылгандарга макул эместик.

ирилештирүү: майда кредиттерди берүү сегментинде МФИ менен катар эле, коммерциялык банктар үчүн атаандашуу багыты.

рейтингдик агенттик: улуттун же ири корпорациялардын финансылык туруктуулугуна баа берген бизнес. Кредиттик бюро эң оболу, чакан жана орто ишканаларга көңүл топтогондуктан маалымат базасында мындай маалыматтарды камтыбайт.

реструктуризация: юристтердин көзөмөлдүгү алдында жана дебитордун кимиси болбосун тарабынан ишке ашырылган кредит келишими боюнча төлөө милдеттенмесинин өзгөртүлүшү. Реструктуризация терс маалыматтарга алып келиши мүмкүн

терс мүнөздөгү маалыматтар: дебитордун кредиттик келишимдин шарттарына ылайык алган милдеттенмесин бузууга жол бергендиги тууралуу маалыматтар

тобокелдик анализи: карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо процесси жана/же кредитти берүүгө же берүүдөн баш тартууга байланыштуу чечим.

үстөк пайыздар: мыйзамда каралган деңгээлден жогору белгиленген пайыздык чен.

утурумдук отчет: кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин кредиторго берилүүчү төлөөгө жөндөмдүүлүккө тиешелүү маалымат (мисалы, башка ресурстардан кредит алууга аракеттер. Ал ошондой эле, "мониторинг" деген аталышта да белгилүү). "Ишенимдин" "чакырыгы" - бул, тобокелдикке динамикалуу баа берүү, утурумдук отчеттун кызматы.

техникалык кредиттер: офистик жана өндүрүштүк жабдууларды сатып алуу үчүн берилген кредиттер. Мындай кредиттерди бардык эле кредиторлор бере бербейт

шифрлоо (кодун белгилөө): маалыматтарды код белгиленген формада сактоо аркылуу коргоо процесси. Бул, маалыматтардын ачыкка чыгуусунан коргойт.

Биздин мүчөлөр