Суроолор


Эгерде, келтирилген суроолордун тизмесинде Сиз берген суроонун жообу камтылбаса, «байланыш» белгисин пайдаланууңузду өтүнөбүз.


«Кредиттик тарых» деген эмне?

Кредиттик тарыхта «төлөөгө жөндөмсүздүк» катары каралып келген кредиттерди төлөө графиги боюнча терс жана оң маалыматтар камтылат. «Ишеним» мындай маалыматтарды кредиттик отчет формасында сунуштайт.
«Кредиттик тарыхтын субъекти ким»?

«Кредиттик тарыхтын субъекти» болуп товарларды же болшбосо кызмат көрсөтүүлөрдү бүтүндөй же бөлүп-бөлүп кредитке алган жеке адам же фирма (юридикалык жак) саналат. Жеке адам кредитти өз атынан же топтун курамына кирүү менен алышы мүмкүн.
Теориялык көзкараштан алганда, Кыргыз Республикасынын телефону, газы, электр жарыгы болгон ар бир резиденти же болбосо жеке келишимдерди түзгөн ар бир дебитору кредиттик тарыхтын субъекти болуп саналат.
Кредиттик сурап билүү талабы деген эмне?

Сурап билүү өтүнүчү бул – мүчө болгон уюмдардын кредит алуучунун кредит тарыхын алууга берген жөнөкөй билдирмеси. Билдирмелер тобокелдикке баа берүү үчүн да маанилүү жана алар кредиттик тарыхта чагылдырылат. Кыска убакыт аралыгында эле кредит алууга эки үч жолку аракет карыз алуучу алгылыктуу пайыздык чендеги кредитти издеп жаткандыгын түшүндүрөт. Ал эми ошол эле мезгил аралыгында он жолку аракеттенүү карыз алуучу эң эле аянычтуу финансылык абалда калгандыгы жөнүндө кабар берет.
Кредиттик отчеттордун берилиши «Банктык купуялуулук жөнүндөгү» Мыйзамды бузгандыкпы?

Жок. Биринчиден, ар бир мүчө кредит алуучудан макулдук документине кол коюуну талап кылат, бул документ аркылуу ал өзү жөнүндөгү маалыматтардын берилишине жана ошол маалыматтардын кредиттик бюро тарабынан пайдаланылышына макулдугун тастыктайт. Экинчиден, “Ишеним” өзара келишүүчүлүк негизинде иш алып барат, башкача айтканда кредиттик отчеттор мүчөлөр үчүн гана каралган. Үчүнчүдөн, кредиттик отчетто карыз алуучу белгилүү суммадагы кредитке ээ экендиги фактысы гана камтылат, ал эми кредитор айкын көрсөтүлбөйт (аныкталбайт).
«Ишеним» кредит береби?

Жок. «Ишеним», башка кредиттик бюролор сыяктуу эле маалымат агенттиги болуп саналат жана кредитор эмес. Кредит алууну көздөгөн жеке адамдар жана юридикалык жактар бизге мүчө болгон уюмдарга кайрылышса болот, алар тууралуу сиздер «биз жөнүндө» деген бөлүктөн окуй аласыздар.
«Ишеним» кредит берүү же бербөө жөнүндө сунуш бере алабы?

Жок. Бул, Кредиттик-Маалымат бюросуна мүчө болгон уюмдардын өздөрү кабыл алуучу чечими. Айрымдары тобокелдиктин олуттуу экендигинен чоочулашпайт, ал эми ошол эле учурда башкалары консервативдүү кредиттик стратегияга таянат. «Ишеним» кредиттөө жөнүндөгү чечимге кийлигише албайт, ал кредиттик отчеттор менен гана камсыз кылат.
Кредиттик бюрого мүчө болуп кирбестен эле, кредиттик отчетторду ала аламбы?

Жок. Өзара эриш аркак иш алып баруу ченеми, этикалык принциптер дүйнөдө таасирдүү абройго ээ кредиттик бюролор таянган иш багыты болуп саналат. Ушул талапка ылайык «Ишенимден» маалыматтарды беришкен гана уюмдар кредиттик отчетторду ала алышат. Ушул келишүүчүлүк шарты «Ишенимдин» маалымат базасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл.
«Ишеним» кредиттик бюросуна кантип мүчө болууга болот?

«Ишеним» кредиттик бюросуна кредиттик тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн болгон банктар, микрофинансылык институттар, кредиттик союздар, банктык эмес мекемелер, четөлкө кредиттик бюролору (телекоммуникациялык компаниялары, коммуналдык ишканалар жана почта аркылуу жөнөтүү кызматын сунуштаган компаниялар) кошула алышат. Эгерде сиздер буга тиешелүү кошумча маалыматтарды алгыңар келсе, «байланыш» деген белгини пайдалануу зарыл.
«Ишеним» жеке адамдарга жана юридикалык жактарга кредиттик отчетторду береби?

Ооба. Бул тажрыйба Дүйнөлүк банктын кредиттик бюролорго тиешелүү «мыкты тажрыйбага ээ болгондор» үчүн каралган алты критерийинин бири. («иш жүргүзүү» деген бөлүктү карагыла)
«Ишеним» топ менен алынган кредиттер боюнча кредиттик отчетторду береби?

Ооба. 2004-жылдын апрелң айында «Ишеним» топтордун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү ыкмасын сунуш кылган.
«Ишеним» алгылыксыз терс маалыматтар сыяктуу эле, оң маалыматтарды да топтойбу?

Ооба. Ушул тажрыйбанын өзү Дүйнөлүк банктын кредиттик бюролордун ишине тиешелүү «мыкты тажрыйбага ээ болгондор» үчүн каралган алты критерийинин биринде камтылган.
Алгылыксыз терс маалыматтар деген эмне?

Алынган кредиттин төлөнбөй калышы, кредиттик келишимдин шарттарынын аткарылбашы сыяктуу жагдайлар терс маалыматтын булагы. Ошондой эле карыздардын түзүмүн кайрадан карап чыгуу же банкроттук жагдай келип чыккан учурда, аларды эсептен алып салуу жөнүндөгү маалыматтар да бул категорияга кирет.
Ал эми алгылыктуу оң маалыматтар деген эмне?

Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык алынган кредиттин убагында, толук өлчөмүндө төлөнүшү алгылылктуу маалыматтардын өзөгүн түзөт.
Эмне үчүн алгылылктуу оң маалыматар кредиттик тарыхта камтылууга тийиш?

Буга жөнөкөй эле жооп берүүгө болот: оң маалыматтар аз өлчөмдө пайыз менен кийинки кредитти алууга өбөлгө түзөт. Бул артыкчылык «кынтыксыз абройго ээ» деген маанини түшүндүрөт.
Кредиттик тарыхымдын Ишенимде камтылышынан чоочубай эле койсом болобу?

Чоочулоонун кереги жок. Ишеним бул маалыматтарды: (1) өз мүчөлөрүнө жана (2) кредиттик бюронун мүчөсү менен кредиттик тарыхтын субңектисинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык маалыматтардын берүү үчүн негиздер каралган шартта гана берет. Кредиттик тарыхтын субңекти кредит алууга ниеттенген учурда кредиттик отчеттор талап кылынышы мүмкүн. Кредиттик отчетторду башка максаттарда пайдаланышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө борборлоштурулган маалыматтар базасына карата калыптанган ишенбөөчүлүк мамиле жалпыга түшүнүктүү факт. Ошондой болсо да, Дүйнөлүк банк, иши натыйжалуу жөнгө салынган кредиттик бюронун болушу туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөөрүн аныктаган. Мурдагы коммунисттик идея менен жашап келген өлкөлөрдө кредиттик бюролордун иши жөнгө салынган же болбосо көпчүлүгүндө түзүлүп жатат.
Өз кредиттик тарыхымды текшерүүгө укугум барбы?

Бар. «Ишеним» жылына бир жолу отчетторду акысыз берүү мүмкүнчүлүгүн караштырган, албетте, офиске өзүңүздөр келген болсоңуздар.
Мындан тышкары, учурда «Ишеним» Кредиттик-Маалымат бюросуна мүчөсү болгон уюмдардын областтардагы жана райондордогу филиалдары аркылуу ушул кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Менин кредиттик тарыхымда каталарга жол берилген болсо, эмне болот?

Ишеним кредиттик тарыхта жол берилген каталар тууралуу келип түшкөн билдирмелердин ар бирин карап чыгат жана туура эмес маалыматтарды беришкен мүчө болгон уюмдарга дароо байланышат.
Эгерде каталарга «Ишеним» жол берген болсо, биз акысыз оңдоолорду жүргүзүү менен туура эмес маалыматтарды алышкан ар бир кредиторго оңдолгон материалдарды жөнөтөт. Ал эми мүчө болгон уюм каталар камтылган материалдын берилгендигин тастыктаган болсо, карыз алуучуларга да ушундай эле акысыз кызматтар көрсөтүлөт.
«Ишеним» кредиттик тарыхтын субңекти менен кредиттик бюрого мүчө болгон жактын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыкса, ал үчүн жооп бербейт.
«Ишеним» аныктыкты кантип тастыктайт?

Жалпы кабыл алынган принциптерге таянуу менен «Ишеним» карыз алуучунун ким экенедигин тастыктоодо анын паспорттук маалыматтарына таянат. Мурдагы фамилиясын же паспортун өзгөрткөндүгү сыяктуу жагдайлар келип чыкса, маалыматтарды жаңылоо стандарттуу кабыл алынган жол-жоболорго ылайык ишке ашырылат.
Иштелип чыккан кредиттик тарых боюнча азырынча эс кандай кине коюулар катталбагандыгын баса белгилеп кетүү зарыл, мында тастыктоо процесси бардык категория боюнча ишке ашырылган.
«Ишеним» кошумча коргонуу каражаттарын колдонууда жергиликтүү мамлекеттик структуралар, ал эми Ички иштер министрлиги менен карыз алуучунун паспорту жоголуп кеткен же уурдалган жагдайларды аныктоо багытында иш алып барууда
«Ишеним» өз маалымат базасын кандайча коргой алат?

«Ишеним» кредиттик бюросуна өтүүдө ар бир мүчө атайын иштелип чыккан программалык топтомду алат. Сурап билүү же аларга жооптор узундугу 256 бит болгон ачкыч аркылуу шифровкаланган формада жүзөгө ашырылат. Бул ыкма Америка Кошмо Штаттарынын банктарында колдонулган маалыматтарды эки баскычтуу коргоого алуу дегенди түшүндүрөт. Кредиттик бюролордун кызматкерлеринин кредиттик тарыхтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү «Ишенимде» да так саясат иштелип чыккан.
Биздин маалымат базабыздан тиешелүү уруксатсыз пайдалануу сыяктуу бир да учур катталбагандыгын сыймыктануу менен белгилеп кетүүгө тийишпиз.
«Ишеним» бюросунда катталган маалыматтарды алмашуу системасына катышуу үчүн кандай жабдуулардын болушу талап кылынат?

Биринчиден, мүчө болгон уюмдун же адамдын төмөндө келтирилген минималдуу параметрлерге жооп берген компңютери болууга тийиш:

  • Оперативдүү эс-тутуму 128 Мб;
  • Windows NT 2000

Ошондой эле, Интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн болушу зарыл. Эгерде “Ишеним” сервери (түйүнү) менен Интернетке кошулган кайсыл болбосун башка компңютердин ортосунда маалыматтарды алмашууга тоскоолдук кылган Firewall орнотулган болсо, анда түйүндүк администратор маалымат алмашууга мүмкүн болгондой тиешелүү багыттоону (настройка) ишке ашырууга тийиш

Биздин мүчөлөр