Окуялар


2005

Мурдагы Советтер союзунда иштеп турган кредиттик бюролордун алгачкы, жыл сайын өтүүчү конференциясы Грузия Республикасында, Тбилиси шаарында 2005-жылдын 30-31-май күндөрү Шератон Метехи Палас мейманканасында өткөрүлгөн.

Кредиттик маалымат бюролорунун мүчөлөрүнүн жылдык экинчи жалпы жыйыны 2005-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасында, Бишкек шаарында, А. Бакаев атындагы көчөнүн 53а дарегинде жайгашкан «Корунд» мейманканасында саат 14.00дөн 17.00гө чейин өткөрүлгөн.

Борбордук Азия микрофинансылык алңянсы (БАМФА) Ар жылы өтүүчү үчүнчү конференция «Борбордук Азияда туруктуу иштеген кредиттик мекемелерди түзүү» деген аталышта Казакстанда, Алматы шаарында 2005-жылдын 7-8-сентябрында өткөрүлгөн.

2006

АФКО Кредиттик-Маалымат Бюронун мүчөлөрүнүн үчүнчү жылдык жалпы жыйыны, 26 апрель 2006 ж., Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Абдрахманова көч, 229, «Silk Road Lodge» мейманканасынын конференц-залы, 15:00-16:30

Ишенимдин өкүлдөрү, аткаруучу директор Акжолтой Елебесова жана кредиттик бюронун жалпы жыйынынын мүчөсү, АКБ «Кыргызстан» банкынын Төрагасынын орун басары Талантбек Омуралиев «Коммерциялык банктарда кредиттик коркунучтарды көзөмөлдөө» деген темадагы Россия Федерациясынын кредиттик тарых берүү боюнча Улуттук бюро тарабынан уюшулган семинарга катышышты. Семинар 2006 жылдын 11 июльда Москва шаарындагы Россия Банктарынын Ассоциациясында өттү. Андан тышкары Ишенимдин өкүлдөрү Улуттук кредиттик тарыхтын бюросунда болушту жана келечекте боло турган бирге иштөө жана тажрыйбалар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

2007

ОЮЛ АФКУ «Ишеним» Кредиттик-Маалымат Бюронун мүчөлөрүнүн төртүнчү жылдык жалпы жыйыны, 27 апрель 2006 ж., Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Панфилова көч., 113, «Альпинист» мейманканасынын конференц-залы, 14:00-17:00.


Биздин мүчөлөр