мүчөлүк жөнүндө келишим
Маалыматтарды алмашуу системасына мүчө болуу, келишимге кол коюу аркылуу жүзөгө ашырылат. Мүчөлөрдүн келишим боюнча негизги милдеттери төмөндө келтирилген:
- макулдук берүү жөнүндөгү стандарттык пункту өз кредиттик келишимине кошуу бул, банктык купуялуулукту сактоо милдеттенмесин аткарууда пикир келишпестиктердин келип чыгуусуна бөгөт коюу үчүн зарыл;
- кредиттик маалыматтарды берүү жана алуу үчүн жоопкерчиликтүү болгон бир же бир нече адамдарды (жактарды) аныктоо жана аларга тренингдерден өтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
- туура маалыматтарды өз учурунда берүү;
- мүчөлүк жана жылдык төлөмдөрдү, ар айлык счет-фактураларды өз учурунда төлөө;
- Ишеним” кредиттик бюросуна тиешелүү менчикке лицензияланган программалык камсыздоо катары мамиле кылуу.
Мүчөлүк жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн алуу үчүн “байланыш” белгисин басууңузду өтүнөбүз.
техникалык жабдуу жана программалык камсыздоо
Ар бир мүчө төмөндө келтирилген минималдуу талаптарга жооп берген компңютерге ээ болууга тийиш:
- оперативдүү эс тутум мүмкүнчүлүгү кеминде 128 Мb.
- Операциляк система Windows NT 2000 жана андан жогору.
Ошондой эле, Интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн болушу зарыл. Эгерде “Ишеним” сервери (түйүнү) менен Интернетке кошулган кайсыл болбосун башка компңютердин ортосунда маалыматтарды алмашууга тоскоолдук кылган Firewall орнотулган болсо, анда түйүндүк администратор маалымат алмашууга мүмкүн болгондой тиешелүү багыттоону (настройка) ишке ашырууга тийиш.





























