көбүрөөк маалымат, тобокелдик азыраак™
| Суроо: |
Кыргызстанда кредиттердин жалпы суммасы 2 млн. АКШ долларына чейинки өлчөмдү түзө тургандыгын эске алганда, банкир катары сиз өзүңүздү жана өз акционерлериңизди дефолттон коргоп калуу үчүн 1 АКШ долларынан азды сарптайт белеңиз? |
| Факт: |
Мүчө болуу дефолт тобокелдигин 8% төмөндөтө тургандыгын дүйнөлүк тажрыйба тастыктоодо. |
“Ишеним” КМБСына мүчө болгон банктардын артыкчылыктары:
- жеке адамдарды жана юридикалык жактарды кредиттөдөгү тобокелдиктердин минимумга жеткирилиши;
- Базель-2 стандартын кошо алганда, тобокелдиктерге баа берүү боюнча эларалык стандарттарга барган сайын ылайык келүү;
- керектөчүлөрдүн алгылыктуу кредиттик лимиттерин аныктоо жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу;
- кредит алууга берилген билдирме боюнча чечим кабыл алуу процессинин натыйжалуулугуна жетишүү;
- проблемалуу карыз алуучулардын жана “сериялык карызгерлердин” башка булактардан кошумча кредит алуусуна бөгөт коюу, бул кадам мурда алынган кредиттин кайтарылышына да өбөлгө түзөт;
- “Чакырык” мониторинг кызмат көрсөтүүсү аркылуу карыз алуучунун кредит алууга аракет көрүп жаткандыгы же башка булактардан алынган кредиттердин бардыгы жөнүндө дароо билдирүү;
- бюрого мүчө болбогондорго салыштырганда, кыйла таасирдүү атаандаштык негизинде кредитөө мүмкүнчүлүгү «жаман» карыздардын санын азайтуунун натыйжасы катары каралат;
- акырында келип, пайданын өсүшү.


