Биздин маалымат базабыз


ишибиздин банктык купуялуулук талабына ылайык келүүсү

“Ишеним” кредиттик бюросунун маалыматтарды алмашуу системасы “Банктык купуялуулук (сыр) жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына жооп берет.

Биринчиден, ар бир мүчө кредит алуучудан
макулдук документине кол коюуну талап кылат, бул документ аркылуу ал өзү жөнүндөгү маалыматтардын берилишине жана ошол маалыматтардын кредиттик бюро тарабынан пайдаланылышына макулдугун тастыктайт.

Экинчиден, “Ишеним”
өзара алгылыктуулук негизинде иш алып барат, башкача айтканда кредиттик отчеттор мүчөлөр үчүн гана каралган. Биз маалыматтарды үчүнчү жакка ачып көрсөтпөйбүз! Мындан тышкары, мүчө болгон жак кредит алууга билдирменин негизинде гана талап жөнөтүшү мүмкүн.

Үчүнчүдөн, кредиттик отчетто карыз алуучу белгилүү суммадагы кредитке ээ экендиги фактысы гана камтылат, ал эми кредитор айкын көрсөтүлбөйт (аныкталбайт).

коопсуздукту камсыз кылуу

“Ишеним”, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде бир кыйла узак убакытка операция жүргүзгөн кредиттик бюро болуп саналат. Ушуга байланыштуу маалыматтардын корголушуна карата олуттуу мамиле куру убадаларга эмес, кынтыксыз текшерүүдөн өткөн жазуулар менен бекемделет.

“Ишеним” кредиттик бюросунун коопсуздугунун көп баскычтуу системасынын принципиалдуу компоненттерине төмөнкүлөр кирет:

  • имараттын 24 саат боюнча күзөткө алынышы;
  • программалык камсыздоолорду кодировкалоонун өркүндөтүлгөн системаларын пайдалануу (АЕS);
  • маалыматтар, узундугу 256 бит болгон ачкычтын жардамы менен шифрленип Америка Кошмо Штаттарынын коммерциялык банктары үчүн талап кылынган эки баскычта коргоого алынат;
  • маалымат жазылып коюлган компңютердин идентификациясын тастыктаган атайын программалык камсыздоо колдонулат;
  • тамга жана сандардан турган паролң милдеттүү түрдө колдонулат;
  • маалымат агымында шектенүүнү туудурган иш-аракеттерге ички мониторинг жүргүзүлөт;
  • офистен тышкары шифровкаланган формада маалыматтардын сакталышы жана алардын көчүрмөлөнүп турушу;
  • компңютерде камтылган маалыматтарды теске салуунун стандарттык ыкмасынын бюро кызматкерлери тарабынан колдонулушу


тактыкка карата мамиле

“Ишеним” өз базасындагы маалыматтардын 100 пайыздык деңгээлде так болуусуна аракеттенет. Бюрого мүчө болуу, так маалыматтардын берилишин катуу талап кылат жана бул андан ары контролдук жүргүзүүнүн обүектиси да болуп калат. Атайы иштелип чыккан программалык камсыздоо жакшы өркүндөтүлгөн, ошондой болсо да ал маалыматтарды иштеп чыгуунун жүрүшүндө кызматкердин жол берген каталарын дароо байкап, четтетүү мүмкүчүлүгүнө ээ эмес.

“Ишеним” кредиттик бюросунун күнөөсү менен каталарга жол берилсе, албетте бул өтө сейрек кездешүүчү жагдай, тиешелүү оңдоолор акысыз жүргүзүп, маалыматтарды алышкан мүчөлөргө оңдолуп чыккан маалыматтар дароо жөнөтүлөт.

толук камсыздалган байланыш

Кыргыз Республикасында кредиттик тарыхты топтоо (түзүү) жетишээрлик жаңы иш чөйрөсү болуп саналат. Алсак, кыска убакыт аралыгында эле “Ишеним” кредиттик бюросу маалыматтарды алуунун улуттук борборлоштурулган базасын түзүүгө жетишкен.

Дүйнөлүк банктын сунуш-көрсөтмөсүнө ылайык (
“Кредиттик бюро үчүн “алгылыктуу тажрыйба” деген эмне” бөлүгүн караңыз), “Ишеним” Кредиттик-Маалымат бюросу жеке адамдар жана юридикалык жактар жөнүндө алгылыктуу оң маалыматтар сыяктуу эле, терс мүнөздөгү маалыматтарды да топтойт. Топтор тарабынан биргелешип алынган кредиттер боюнча да сурап билүү талабы коюлушу мүмкүн.

Четөлкөлүк эки эксперт менен чогуу иш алып баруунун натыйжасында “Ишеним” кредиттик тарыхтар боюнча маалыматтарды комплекстүү бириктирүүнүн планын иштеп чыккан. 2006-жылдын акырына карата бул маалымат базасы Кыргызстандагы кредиторлордун басымдуу көпчүлүгүнүн маалыматтарын камтууга жетише алат деген ишеним ба
р.


Биздин мүчөлөр