Микрофинансылык институттар


Көбүрөөк маалымат, азыраак тобокелдик™

Суроо:




Кыргызстанда аз өлчөмдөгү кредиттердин суммасы 10 000 АКШ долларына чейинкини түзө тургандыгын эске алганда, майда кредиттерди берүүчү өз кредит портфелин дефолттон сактап калуу үчүн 1 АКШ долларынан азды төлөйт беле?

Факт:




Микрофинансылык институттар өз кардарларынын кредиттик ишин жакшы билгендей туюлат демек, алар отчеттордун берилишине муктаж эмес. Ал эми иш жүзүнө келгенде дүйнөлүк тажрыйба кардарлардын 40 пайызга чейинкиси бир нече булактан карыз алуучу болуп санала тургандыгын далилдөөдө.



Биздин мүчөлөрдүн алган пайдасы – МФИ::

  1. жеке адамдарды жана юридикалык жактарды кредиттөөдөгү тобокелдиктердин минимумга жеткирилиши;
  2. керектөөчүлөрдүн алгылыктуу кредиттик лимиттерин аныктоо жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу;
  3. кредит алууга берилген билдирме боюнча чечим кабыл алуу процессинин натыйжалуулугуна жетишүү;
  4. проблемалуу карыз алуучулардын жана “сериялык карызгерлердин” башка булактардан кошумча кредит алуусуна бөгөт коюу, бул кадам мурда алынган кредиттин кайтарылышына да өбөлгө түзөт;
  5. “Чакырык” мониторинг кызмат көрсөтүүсү аркылуу карыз алуучунун кредит алууга аракет көрүп жаткандыгы же башка булактардан алынган кредиттердин бардыгы жөнүндө дароо билдирүү;
  6. бюрого мүчө болбогондорго салыштырганда, кыйла таасирдүү атаандаштык негизинде кредитөө мүмкүнчүлүгү «жаман» карыздардын санын азайтуунун натыйжасы катары каралат;
  7. акырында келип, пайданын өсүшү.

 

Биздин мүчөлөр