Анын айтымында, Улуу Жеңиш күнүнүн урматына георгий лентасынан “70” деген санды чагылдырган, оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн салтанаттуу салюттун сүрөттөлүшү монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Атылган салюттун туш тарапка тараган түркүн түстүү нуру голограмма менен, ал эми монетаны айланта Бишкек шаарындагы И.В. Панфилов атындагы сейилбактын киреберишиндеги Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү О.М. Мануилованын эмгегине таандык генерал-майордун эстелигинин барельефинде чагылдырылган согуш күндөрүнөн алынган сюжет түшүрүлгөн.
Алдыңкы бетте ошондой эле, монетанын аталышы жана номиналы берилген. “Монетанын арткы бетинде учу-кыйырына көз жетпеген, ааламды кучагына камтыган көгүлтүр көк асмандын алкагында тынчтыктын символу - ак кептердин элеси түстүү оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын герби монетанын чок ортосунан орун алган. Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласында жайгаштырылган жана сапаттык сертификаты тиркелип, өзүнчө кутучаларга салынган” – деди Ш. Айдаркулов.
Ал ошондой эле коллекциялык монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү – монета «Улуу Жеңишке 70 жыл» деп аталаарын, номиналы 10 сом экенин, күмүштүн 925 пробасынан голограмма, түстүү оюп басуу ыкмасында жасалганын, салмагы 28,28г, диаметри 38.60мм, сапаты “proof”болуп, 1000 даанада гана чыгарылганын кошумчалады
http://kabar.kg/kyr/uluujenish/full/61741