ЖАК «Ишеним» Насыя бюросу мүмкүн болгон алдамчылык учурлары жөнүндө эскертет! Айрым алдамчылар бюронун кызматкери болуп тааныштырып, сиздерге ар кандай жагымдуу шарттарда насыя жана карыз берүү, Насыя тарыхты оңдоо, кечиктирүүлөрдү өчүрүү жана башка мыйзамсыз кызматтарды сунушташы мүмкүн. Бул аракеттерге ЖАК «Ишеним» Насыя бюросунун эч кандай тиешеси жок.
Эсиңиздерде болсун, ЖАК «Ишеним» Насыя бюросу Кыргыз Республикасынын «Насыя маалымат менен алмашуу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасындагы Насыя бюролордун ишин жөнгө салуучу эрежелерге жана башка тиешелүү нормативдик-укуктук актыларга ылайык, Насыя тарыхтардын ишенимдүү маалымат базасын түзүү жана башкаруу менен гана алектенет. Бул иш Насыя маалыматты берүүчүлөрдөн алынган жарандардын жана юридикалык жактардын насыя боюнча маалыматтарды топтоо, иштетүү жана сактоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Сак болуңуздар жана маалыматты ар дайым ЖАК «Ишеним» Насыя бюросунун расмий байланыш каналдары аркылуу гана текшериңиздер:
- Веб-сайт: www.ishenim.kg
- E-mail: office@ishenim.kg
- Тел.: 0 312 98 65 65
Урматтоо менен,
ЖАК «Ишеним» Насыя бюросу