Каржы-насыя уюмдарынын кардарлары туралуу так жана ишенимдүү насыя маалыматтарын чогултуу жана алмашуу тутумунун болушу насыя ишмердигинин тобокелдигин төмөндөтүүчү орчундуу жагдай болуп эсептелет. Азыр Биримдик ишинин алкагындагы насыя маалыматы менен алмашуу ишмердиги Кыргыз Жумуриятынын жана ички даректемелердин төмөнкү укуктук-чендик актылар менен жөндөлөт:
Кыргыз Жумуриятынын Башмыйзамы
Негиздүү осулдарды, ошондой эле адам укугу менен эркиндигин, жарандын милдеттенмелерин аныктайт. Башмыйзам адамдын жана жарандын укук жана милдеттерин анын ичинде ал жөнүндөгү маалыматтардын кол тийгистигин жана купуялыгын камсыздайт.
Кыргыз Жумуриятынын 1996-жылдын 8-майындагы №15 Жарандык Кодекси
Жарандык алмашуу катышуучуларынын, менчик укугун жана башка буюмдук укуктардын, интеллектуалдык жана ага теңештирилген жекелештирүү (интеллектуалдык менчик) каражаттарынын жаралуу негизин жана жүзөгө ашыруу тартибинин укуктук жагдайларын аныктайт, келишимдик жана башка милдеттенмелерин, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланышкан жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөндөйт. Айрыкча, кытмыр насыячылар жөнүндө каржы-насыя мекемелери арасындагы насыя маалыматтарын алмашуу суроосу боюнча кодекстин жагдайын баса белгилөөгө болот.
Кыргыз Жумуриятынын «Насыя маалыматтарын алмашуу жөнүндө» 2014-жылдын 25-ноябрындагы №160 Мыйзамы
Бул Мыйзам насыя маалыматтары менен алмашуу жаатындагы мамилелерди жөндөйт. Мыйзам колдонуучулар, жеткирүүчүлөр, насыя уюлу жана мамлекеттик мекемелер ортосундагы маалыматтарды алмашуунун каадасы менен тартиптерин көрсөтөт. Мыйзам насыя маалыматын алмашуучулар ортосундагы ошондой эле , милдеттер жүктөлгөн мамлекеттик мекемелердин укук жана милдеттерин чендеп турат.
Кыргыз Жумуриятынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөгү» 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Мыйзамы
Мыйзам айрым маалыматты кайра иштетүүдө колдонулган каражатына карабастан, жеке мүнөздөгү маалыматтарга байланышкан, бирок, үчүнчү тарапка берүүгө уруксат кылынбаган жеке маалыматтар менен иштөө учурларынан сырткаркы мамилелерди жөндөйт. Мыйзам жеке мүнөздөгү маалыматты колдонууда инсандын укук жана эркиндигин, ал маалыматты коргоого, жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөө шарттарын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик жөндөө калыбын жана жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөө тартибин бекитүүгө багытталган жоболорду камтыйт.