Эмне үчүн мен алган насыялар тууралуу маалымат «Ишеним» насыялык бюросуна түшөт?
Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «насыялык маалыматты берүүчүлөр — насыялык уюмдар, өздөрүндө болгон насыялык маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияланган жана Мамлекеттик насыялык бюролор реестрине киргизилген насыялык бюролорго берүүгө милдеттүү». Ошентип, бардык насыялык уюмдар үчүн берилген насыялар боюнча маалыматты берүү — мыйзам боюнча милдеттүү талап болуп эсептелет. Бирок ошол эле Мыйзамга ылайык, Насыя бюросунун маалымат базасына маалымат берүү, ошондой эле андан маалымат суроо Насыя берүүчү тарабынан сиздин Насыя бюронун маалымат базасына маалымат берүү/суроо үчүн берген макулдугуңуздун негизинде гана жүргүзүлүшү керек.
Мен алган насыя тууралуу маалымат Насыя бюросунун маалымат базасында канча убакытка чейин сакталат?
Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Ишеним» насыялык бюросу насыялык маалыматты төмөнкү тартипте сактоону камсыз кылууга милдеттүү:
- Оң насыялык маалымат — насыя толук жабылган күндөн тартып 7 жыл ичинде сакталат.
- Терс насыялык маалымат — насыя толук жабылган күндөн тартып 5 жыл ичинде сакталат.
- ликвидделген насыялык маалымат берүүчүгө таандык насыялык маалымат — насыя боюнча акыркы өзгөртүү киргизилген күндөн тартып 5 жыл ичинде сакталат.
- Өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал шартында келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү аткарбоо жөнүндө насыялык маалымат — насыя толук жабылган күндөн тартып 3 жыл ичинде сакталат;
- ломбард тарабынан берилген карыз келишими боюнча маалымат — карыз толук жабылган күндөн тартып 1 жыл ичинде сакталат.
Ошентип, насыя боюнча маалыматтын насыялык тарыхта сакталуу/көрсөтүлүү мөөнөтү насыя толук жабылган күндөн тартып маалыматтын категориясына жараша 3 жылдан 7 жылга чейин түзөт, ал эми ломбард тарабынан берилген карыз боюнча маалыматтын сакталуу мөөнөтү — карыз толук жабылган күндөн тартып 1 жылды түзөт.
Оң жана терс насыялык маалыматтар эмнеси менен айырмаланат?
Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, оң насыялык маалымат — бул карыз алуучунун насыя берүүчү алдындагы милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарганын тастыктаган маалымат. Ал эми терс насыялык маалымат — бул карыз алуучунун келишимдик милдеттенмелерин 90 календардык күндөн ашык мөөнөткө аткарбагандыгы тууралуу маалымат болуп эсептелет.
Насыялык тарых деген эмне жана ал кандайча түзүлөт?
Насыялык тарых – бул насыялык бюро тарабынан түзүлгөн, сиз жөнүндө (насыялык маалыматтын субъектиси катары) насыялык маалыматтардын жыйындысы. Бул маалыматтар насыялык бюрого насыялык маалыматтарды берүүчүлөрдөн (насыя берүүчү уюмдардан) алынат жана анда сиздин азыркы таптагы жана мурда төлөнгөн бардык насыяларыңыз, ошондой эле аларды төлөө боюнча кечиккен учурлар тууралуу толук маалымат камтылат.
Насыя тарыхы эмне үчүн керек?
Насыялык тарых — бул банктар жана башка насыя берүүчү уюмдар сизди насыя алуучу катары канчалык ишеничдүү экениңизге баа берүү үчүн колдонула турган маалымат. Ошондой эле сиз өзүңүздүн насыялык тарыхыңызды көзөмөлдөп, анын туура түзүлүп жатканын жана анда камтылган насыялык маалыматтын туура-тактыгын текшерип тура аласыз. Мындан тышкары, анда болгон бардык өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу үчүн насыялык тарыхыңызды үзгүлтүксүз текшерип туруу сунушталат.
Мен насыялык тарыхымда камтылган төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибергеним жөнүндө, карыздарым тууралуу маалыматтарды оңдоого же өчүрүүгө байланыштуу өтүнүч менен «Ишеним» насыялык бюросуна кайрыла аламбы?
Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, насыялык бюро өзүнүн маалыматтар базасын насыя берүүчүлөр тарабынан берилген маалыматтардын негизинде жүргүзүүгө милдеттүү. Бул — «Ишеним» насыялык бюросу эч кандай шартта өз алдынча маалыматтар базасындагы насыялык маалыматтарга өзгөртүү киргизүүгө укугу жок дегенди билдирет. «Ишеним» насыялык бюросунун маалыматтар базасында сакталган насыялык маалыматтарга өзгөртүүлөр төмөнкү учурларда гана киргизилет: Маалыматты мурда берген Насыя берүүчү уюм (насыялык маалыматтын берүүчүсү) тарабынан түздөн-түз өзгөртүлөт. Же болбосо, «Ишеним» насыялык бюросу насыя берүүчү уюмдун расмий жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде өзгөртүүлөрдү киргизет. Ошондой эле тиешелүү соттун токтомунун негизинде да өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Башка бардык учурларда насыялык тарыхта камтылган маалыматтарга өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес жана мыйзамсыз болуп эсептелет.
«Ишеним» насыялык бюросунун ишин кайсы мыйзам жөнгө салат?
«Ишеним» насыялык бюросу өз ишмердүүлүгүндө биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына жетектелет. Мындан тышкары, бюронун иши Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары менен да жөнгө салынат. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет: «Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө» Мыйзамы; «Банктык сыр жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу эрежелер.
«Ишеним» насыялык бюросу качан түзүлгөн жана өз ишмердүүлүгүн качан баштаган?
«Ишеним» насыялык бюросу 2003-жылдын март айында түзүлгөн жана ошол убактан бери 20 жылдан ашуун убакыттан бери үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү түрдө насыялык маалымат алмашуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет Бүгүнкү күндө «Ишеним» насыялык бюросунун насыялык маалымат берүүчүлөрүнүн катарына Кыргыз Республикасынын 232ден ашуун каржы-насыя мекемелери кирет. Алардын катарына банктар, чакан каржылык уюмдар, насыялык бирикмелер жана башка уюмдар кирет. Бюронун маалыматтар базасында 2025-жылдын март айына карата 2,8 миллионго жакын жарандардын жана юридикалык жактардын насыялык тарыхтары сакталган.