Насыя бюросу ишмердиги

«Ишеним» Насыя Бюросу Жабык Акционердик Коому  (аркысы – Насыя Бюросу) 2003-жылдын 17-мартында уюшулган.

Насыя Бюросу – бул насыячылар (жеке жана укуктуу тараптар) жөнүндөгү маалыматтарды чогултуучу, иштетүүчү жана сактоочу, алардын милдеттенмелерин, насыя баянын түзүүчү, жана насыя жоопчотторун берүүчү, ошондой эле насыя тобокелдигин төмөндөтүү максатында кошумча тейлөөлөрдү көрсөтүүчү уюл.

Насыя Бюросу 240тан ашык өнөктөрү менен кызматташып, алардын көмөгү аркасында сейрек маалымат топтомун түзүп, насыя баяндарынын саны 2 200 000 даанадан ашты.

Ɵз ишмердигинин аркасында Насыя Бюросу бул насыя уюлдары: SCHUFA HOLDING AG (Германия), EBPP, USAID, IFC, SECO, GIZ, MFC ж.б. эларалык уюмдар менен бекем жана ишенимдүү өнөктөштүк мамилелерди түзүп, өнүгүүсүнүн ар кайсы баскычында жардам алды жана насыя маалыматтарын алмашуу тутумун кармоодо колдоолоруна ээ болуп жатат.

Озуйпа

Үнөмияттык мамилелердин катышуучуларынын каржылык мүмкүндүктөрүн жакшыртуу жана ишенимди бекемдөө максаттарында насыя баяндарынын ынанымдуу топтомун түзүү.

Ишмердүүлүктүн негизги осулдары:

Каралашуу, өз ара алмашуу осулу. Насыя уюлуна өз кардарлары туралуу маалыматтарды толук жана дайыма жөнөтүп турган мүчө-уюмга келишимде макулдашылып бекитилген шарттарга ылайык маалыматтар берилет.

Ишенимдүүлүк, аныктык осулу. Насыя уюлуна маалымат жөнөткөн уюм анын тууралыгына, тактыгына, купуялыгына жана накталыгына жоопкер. Насыя уюлу өз кезегинде маалыматтын туура иштелип чыгышына, коопсуздукта сакталышына, жоопчоттордун туура дөндөлүшүнө, маалыматтын аныктыгы менен сапатынын жогорулашына жооп берет.

Коопсуздук осулу. Насыя Бюросу маалыматты сактоонун көп деңгелдүү тутумун жана катаң чендерин пайдаланат, тагыраагы:

  • Имарат күнү-түнү кайтарууда;
  • Тамга-сандык жашырыкты жана накта күбөкатты (сертификатты) милдеттүү колдонуу;
  • Насыя уюлунан чыгып кайра келгенче ssl токтому менен маалымат агымын шифрлөө;
  • Маалымат агымында күмөндүү ишмерликти ички бейлөөдөн (мониторингден) өткөрүү;
  • Кеңсе сыртында маалыматтарды шифрленген түрүндө сактоо жана такай көчүрмөсүн чыгарып берүү;
  • Уюл кызматкерлеринин компьютерлеринде маалыматтарды жөндөө жана башкаруунун стандарттуу усулу.