Кыргызстанда фермерлерге жалпы көлөмү 1 млрд сомдон ашкан жеңилдетилген насыя берилди

Фермерлерге жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчүлөргө 1 млрд 277 млн сом көлөмүндө 3 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

29-апрелге карата, “Айыл чарбасын каржылоо-3” долбоорун ишке ашыруунун алкагында айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү, дыйкандарга жана фермер чарбачылыгына жалпы суммасы 1 млрд 277 млн 146 миң сом көлөмүндө 3 миң 537 жеңилдетилген насыя берилген.
Аталган сумманын ичинен 1 млрд 71 млн 476 миң сом мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 170 млн сом, кайра иштетүүчү ишканаларга 35 млн сом каралган.

http://kabar.kg/kyr/economics/full/62144