Улуттук банк алтындан даярдалган куймалардын бет ачарын өткөрөт

Улуттук банк 7-майда алтындан даярдалган куймалардын бет ачаарын өткөрөт. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди. 

Улуттук банк тарабынан 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы аффинаждалган алтындан даярдалган куймалар биринчи ирээт чыгарылып жатат. Алтын куймалар келечекке ишенимдүү финансылык салым катары инвестициялануучу банктык жаңы продукт болуп саналат.
Басма-сөз жыйындын жүрүшүндө ЖМК өкүлдөрү үчүн алгачкылардан болуп куйманы алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

http://kabar.kg/kyr/economics/full/62250