Быйыл коммерциялык банктар тарабынан 3 537 дыйкан-фермерге кредит берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы №113 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 6 банк: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Росинбанк» ААК, «КИКБ» ЖАК, «КБ КЫРГЫЗСТАН» ААК жана «Бакай Банк» ААК менен кызматташуу тууралуу меморандум (2015-жылдын 23-марты, №19-05/18) түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган Меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 5 банк: «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «КБ КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Бакай Банк» ААК жана «КИКБ» ЖАК менен “2015-2016-жылдарда субсидияларды берүү тууралуу” макулдашууларды түзгөн.

Ушул Макулдашуулардын негизинде коммерциялык банктар тарабынан берилүүчү кредиттик каражаттардын болжолдуу көлөмү төмөнкүдөй болмокчу:
- «Айыл Банк» ААК – 2 000 000,0 миң сом;
- «РСК Банк» ААК – 500 000,0 миң сом;
- «КБ КЫРГЫЗСТАН» ААК – 200 000,0 миң сом.
- ОАО «Бакай Банк» – 175 000,0 миң сом.
- «КИКБ» ЖАК – 200 000,0 миң сом.

2015-жылдын 29-апрелине карай «Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жана «Кыргызстан» ААК тарабынан 3 537 айылдык товар өндүрүүчүлөргө 1 млрд. 277 млн. 146,34 миң сом суммасында кредит берилди.

Калган банктар билдирмелерди кабыл алуу боюнча иш жүргүзүп жатышат.

Эске сала кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 3” долбоору “Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер – 1, 2” жана “Айыл чарбасын каржылоо – 1, 2” долбоорлору түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылуучу республиканын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын уландысы болуп саналат.

http://kabar.kg/kyr/economics/full/62467