Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталары өзүнүн өзгөчөлүгү менен эле айырмаланбастан, маалыматтын маанилүү булагы жана ошол эле учурда пайдалуу финансылык салым болуп эсептелет. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргыз монеталарынын чектелүү тиражы (күмүш монеталар 1 миңден 3миңге чейин ал эми алтын монеталар 1 миң даанага чейин гана чыгарылат) алардын жогорку деңгээлдеги раритет (сейрек) экендигин билдирип турат, Улуттук банктын монеталарынын эксклюзивдүүлүгүн, жогорку сатуу өткөрүмдүүлүгүн сактайт. Баалуу металлдардын баасынын кымбаттагандыгына байланыштуу, чогултуучу каражат катары Кыргызстандын коллекциялык монеталарынын ролу да белгилүү деңгээлде жогорулап, алтындан жана күмүштөн жасалган коллекциялык монеталар көбүнчө келечектин инвестициясы катары кабыл алынып жатат. Эл аралык нумизматикалык рыноктордо, Кыргызстандын сатылып бүткөн коллекциялык монеталары, КМШ монеталарынын ичинен эң көп суроо-талап жараткан монеталар рейтингинде жогорку чекти ээлеп келет. Ошондуктан Улуттук банк коллекционерлер жана жакшы эксклюзивдүү буюмдарды сүйүүчүлөр үчүн Улуттук банк тарабынан 1995-2007 жылдар аралыгында чыгарылган сейрек монеталарды өздөрүнүн коллекциясы үчүн аукциондо сатып алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Ошондой эле Улуттук банк аукциондун катышуучуларына куймада жана сертификатта уникалдуу номери бар өлчөнгөн алтындын куймаларын сатып алууга мүмкүндүк түзүп берет.
Аукционго жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат. Эсептешүүлөр нак жана нак эмес төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, нак акча менен ошол жерде эсептешүүлөрдү жүргүзүү сунушталат. Аукционго күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 669229. 669141.
http://kabar.kg/kyr/economics/full/62478