Польша Кыргызстанга 40 млн евро жеңилдетилген насыя бермекчи

Ал сумма айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, атайын техникаларды сатып алууга жумшалат. Бул тууралуу Кыргызстандан Варшава шаарына барган журналисттер менен болгон жолугушууда Польшанын экономика министринин орун басары Гражына Хенцлевска билдирди.

Ал кошумчалагандай, жакын арада Кыргызстан менен Польшанын атайын комиссиясынын отуруму болот. Ал Варшавада болоору күтүлүүдө. Ошондо келишимдердин акыркы варианты каралып, кол коюлат.

“Биз жакшы билебиз, Кыргызстанда айыл чарба тармагынан азык-түлүккө талап чоң. Анан биз бул насыядан эки жыл ичинде жакшы натыйжа чыкса деп каалайбыз”,-деди Гражына Хенцлевска.

Насыя алуу боюнча документтердин жарымына былтыркы жылы кол коюлган. Аны алуу-берүү боюнча дээрлик бир жыл иш жүргүзүлгөн. Бул ишти аткарууда Кыргызстан тарап активдүү иш алып барганын Польшанын экономика министрлигинен адистер белгилешти.

http://kabar.kg/kyr/economics/full/62996