Ушул жылдын 5 айында республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 43,1 млрд сомду түздү

2015-жылдын январь-май айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эсепке алганда) 43 млрд 104,9 млн сом суммасында аткарылды, же болбосо 46 млрд 175 млн сом суммасындагы пландын 93,4 пайызы орундалды. 

Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы (атайын каражаттарды кошпогондо) 37 млрд 878,6 млн сомду түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштыра келгенде, жалпы чыгаша 5 млрд 226,3 млн сомго же 13,8 пайызга көбөйдү.   Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2015-жылдын январь-май айларында республикалык бюджеттен 30 млрд 782,2 млн сом каржыланды, же болбосо 31 млрд 822,2 млн сом суммасындагы пландын 96,7 пайызы аткарылды. 2014-жылдын ушул мезгилине салыштыра келгенде, каржылоо 5,6 пайызга же 1 млрд 622,5 млн сомго көбөйдү.   Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 2015-жылдын январь-май айларында республикалык бюджеттен 4 млрд 489,9 млн сом сарпталды, же болбосо 4 млрд 971,3 млн сом суммасындагы пландын 90,3 пайызы орундалды. 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каржылоо 1 млрд 765,2 млн сомго көбөйдү.

http://kabar.kg/kyr/economics/full/63394