Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун ата-мекендик кичи жана орто ишкердүүлүктүн субъектилерине Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан жеткиликтүү акча каражатын берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Нурсулу Ахметова КРнын мамлекеттик жана коммерциялык банктары аркылуу “Кичи жана орто бизнести максаттуу каржылоо Программасы” ишкердүүлүктү натыйжалуу колдоонун бир жолу экендигин белгиледи. Мындай колдоо ата-мекендик бизнести географиялык жана сандык жактан камтылышын эске алганда комплекстүү натыйжа берет.
Анын айтымында, кичи жана орто бизнести каржылоо программасынын биринчи этабы Кыргызстандын мамлекеттик банктары аркылуу ишке ашат, келечекте Фонд башка коммерциялык банктар менен кызматташууну да пландаштырууда. Фонд ошондой эле бизнес-долбоорлордун экономикалык натыйжалуулугуна жана Фонддун максат-милдеттерине ылайык келүүсүнө карап, өлкөнүн ишкер чөйрөсүнө АКШнын доллары менен 6% дан 9 % га чейинки коюм менен түз каржылоону да караштырууда.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында өлкөнүн кичи жана орто бизнесин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекет башчысы ишкерлерге Фонддун алкагында улуттук валюта менен 12% га чейин, ал эми АКШ доллары менен 7% га чейинки коюм менен кредит берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
http://kabar.kg/kyr/politics/full/64829