Долбоордо коммерциялык банктар республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда кредиттик каражаттарды берери каралган:
- пайыздык чени – жылына 10%,
- кайтаруу мөөнөтү – 3 жыл,
- карыздын негизги суммасын тындырууга жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин,
- жеке кредиттер боюнча 100 миң сомго чейинки кредиттик каражаттар күрөөсүз негизде 12 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн.
2016-жылы республикалык бюджете субсидиялоого 400 млн сом каралган. Бул каражаттар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 2,7 млрд сом суммасындагы кредит менен камсыздамакчы.
Бүгүнкү күндө 5 коммерциялык банк «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашырууга катышууда. Алардын кредиттөөсүнүн жалпы көлөмү 2,7 млрд сомду түзөт.
Коммерциялык банктар берген отчёттор боюнча, 2016-жылдын 8-апрелине карата «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 6 416 айылдык товар өндүрүүчүгө 2 млрд 139 млн 656,1 миң сом суммасында кредит берилди.
http://kabar.kg/kyr/economics/full/73526