Ушуга байланыштуу КБ Ишеним, жарандарга кредиттик тарыхты жакшыртууга жардам көрсөтүү боюнча чалуу жана кат жазуу жүргүзбөй турганын, ошондой эле жеке маалыматтарды, банк эсебиңиздер жана төлөм карталарыңыздар тууралуу маалыматтарды сурабай турганын билдирет. Сизге, КБ Ишенимден чалуу кийинки учурда кана келиши ыктымал, эгерде сиз чындыгында эле кредиттик тарыхыңыз боюнча бизге кайрылсаңыз жана бизге байланыштарыңызды калтырган болсоңуз. Эгерде өзүбүздүн кызматкерибиз, деп тааныштырган адам чалса, жана ал сизге шектүү көрүнсө, өзүңүз тууралуу маалымат бербөөнү, байланышты дароо токтотууну жана бизге мүмкүн болушунча төмөнкү телефон номерине билдирүүңүздү өтүнөбүз: 0 312 98 65 65 же электрондук почта аркылуу: office@ishenim.kg. Сиз ошондой эле биздин кеңсеге жеке кайрылсаңыз болот: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 127/1 (Малдыбаев көчөсү менен кесилишет), Бизнес борбор "Магнум", 4-кабат.
Урматтоо менен,
КБ Ишеним