Каралашуу, өз ара алмашуу осулу: насыя уюлуна өз кардарлары туралуу маалыматтарды толук жана дайыма жөнөтүп турган мүчө-уюмга келишимде макулдашылып бекитилген шарттарга ылайык маалыматтар берилет. Алмашуу тутумунун катышуучулары гана сунушталган тейлөөлөрдөн пайда алууга укуктуу. Бул тартип насыя маалыматын алмашуу тутумунун катышуучулары менен Уюлдун биргелешип колдонгон маалыматтарынын бүтүндүгүн камсыздап турууда абдан маанилүү.