Каталар жана аларды оңдоо жолдору

   Ишеним кредиттик тарыхта жол берилген каталар тууралуу келип түшкөн билдирмелердин ар бирин карап чыгат жана туура эмес маалыматтарды беришкен мүчө болгон уюмдарга дароо байланышат.Эгерде каталарга «Ишеним» жол берген болсо, биз акысыз оңдоолорду жүргүзүү менен туура эмес маалыматтарды алышкан ар бир кредиторго оңдолгон материалдарды жөнөтөт. Ал эми мүчө болгон уюм каталар камтылган материалдын берилгендигин тастыктаган болсо, карыз алуучуларга да ушундай эле акысыз кызматтар көрсөтүлөт. «Ишеним» кредиттик тарыхтын субңекти менен кредиттик бюрого мүчө болгон жактын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыкса, ал үчүн жооп бербейт.