Жеке тарап / ЖИ үчүн насыя отчету

Насыя отчетунда сурам түшкөн учурга карата насыя баянынын маалыматтары камтылат.

Насыя баяны жеке тараптын / ЖИ аяктаган жана аракеттеги милдеттенмелеринин маалыматтарын, ошондой эле, анын тарабынан насыя келишиминин аткарылуу шарттары чагылтылат. Насыя баяны кара тизме болуп эсептелбейт. Анда насыялардын барлыгы убагында төлөнгөнү да, кечиктирилгени да жазыла берет.

Насыя баянына маалыматтарды толтуруунун булагы катары насыялоо уюмдары (банк, КНУ) – насыя маалыматтарын алмашуунун катышуучулары эсептелет. Маалыматтар Насыя бюросунун маалыматтар топтомуна насыя маалыматы ээсинин (аркысы НМЭ) макулдугунун негизинде гана киргизилет.

Насыя бюросунун маалымат топтомунда маалыматтар дайыма жаңыланып тургандыктан, алар калыпка салынган учурдагысы гана нактасы болуп эсептелет.

Насыя бюросунун кеңсесинен жеке тарап / ЖИ же күбөкана (нотариус) берген ишеним каттын негизинде аракеттенген анын ишенимдүүсүнө (аркысы Ишенген), тийиштүү даректемелерди (караңыз. Даректемелердин саноолу) көрсөтүп, насыя баянын алууга арызды толтурганда берилет. Отчетту даярдоого бирден үч күнгө чейинки убакыт кетет. Насыя отчетуу жеке тарап / ЖИ же Ишенгендин өздүгүн тастыктаган даректемесин (паспорт) көрсөткөндө тикелей берилет.

Жыл сайын - биринчи насыя отчет акысыз.

Ар бир кийинки насыя отчетунун баасы 200 сом.

Кардарларды тейлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00 – 17:00 жүргүзүлөт., түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00.

Насыя отчетун ааламжеле (интернет) аркылуу накта убакыт шартында алууга болот. Бул үчүн I-CIB тейлөөсүнө кошулуу мүмкүндүгүн алуу керек.