Ишкер өнөктөштүк – бул жарандык-укуктук келишим (аркысы Келишим) негизинде маалыматтар жана насыя баяндарын алмашуу чегиндеги гана кызматташуу.
Ишкер өнөктөрдүн пайдасы жана артыкчылыктары:
- Тобокелдикти баалоо боюнча эл аралык чендерге шайкештиги;
- Жеке жана укуктуу тараптарды насыялоодо тобокелдиктерди төмөндөтүү;
- Буюрчу насыячыларга алгылыктуу насыя чегин аныктоо жөндөмүн жогорулатуу;
- Насыя берүү чечимин чыгарууда кыйла натыйжалуу жараяны;
- «Көйгөйлүү» кардарга насыя каражатын берүүдө тобокелдикти төмөндөтүү;
- «Удаалаш» насыя берүүнү азайтуу, демек ашкере карызга батууну төмөндөтүү;
- Насыя бюросу сунуштаган атайын өндүрүмдөр негизинде насыя куржунун түрлөштүрүү жана сапатын жогорулатуу;
- Кирешени көбөйтүү;
- Салгычылар (инвесторлор) үчүн сүйкүмдүүлүк.
Ишкер өнөктөрдүн Келишим боюнча негизги милдеттенмелери төмөнкүлөр:
- Насыя бюросунун маалыматтар топтомунан насыя маалыматтарын алууга/берүүгө насыячынын жазуулай макулдугун алуу;
- Насыя туралуу маалыматтарды берүү/алуу жоопкерчилигин бир же бир нече адамга жүктөө;
- Бардык жигердүү насыячылар жөнүндө салмакталган маалыматтарды берүү;
- Насыя бюросунун маалымат топтомунан алынган насыячынын маалыматтарын уруксатсыз жарыялоодон же/жана кыянаттыктан корголушун камсыздоо.
Насыя бюросунун ишкер өнөктөрү катары, насыя тобокелдигине кабылчу, каржы-насыя мамилелеринин өнүгүүсүнө, насыя тутумунун өркүндөшүнө кызыккан КНМ жана башка укуктук тараптар, айталы банктык жана банктык эмес мекемелер, ошондой эле товар жана тейлөөлөр үчүн насыя берген ишканалар – телекоммуникация компаниялары, почта аркылуу товарлар, турмуш-тирлик кызматтары ж.б. ишканалар болушат.
Насыя бюросунун ишкер өнөгү кантип болот:
- Бекитилген тиздемеге ылайык даректемелерди (документтерди) тапшыруу.
Эгер сиз насыя тобокелине кириптер болуп маалымат алмашуунун катышуучусу болгуңуз келсе «Байланыш» («контакты») шилтемесин пайдаланыңыз.