Укуктук тарап үчүн насыя отчету

Насыя отчетунда сурам түшкөн учурга карата насыя баянынын маалыматтары камтылат.

Насыя баяны укуктук тараптын аяктаган жана аракеттеги милдеттенмелеринин маалыматтарын, ошондой эле, анын тарабынан насыя келишиминин аткарылуу шарттары чагылтылат. Насыя баяны кара тизме болуп эсептелбейт. Анда насыялардын барлыгы убагында төлөнгөнү да, кечиктирилгени да жазыла берет.

Насыя баянына маалыматтарды толтуруунун булагы катары насыялоо уюмдары (банк, КНУ) – насыя маалыматтарын алмашуунун катышуучулары эсептелет. Маалыматтар Ассоциациянын маалыматтар топтомуна насыя маалыматы ээсинин (аркысы НМЭ) макулдугунун негизинде гана киргизилет.

Насыя отчету камтыйт:

«НБЭнин жеке маалыматтар» топтому

НБЭнин жекелигин төптөштүрүүгө (иденттөөгө) мүмкүндүк берүүчү маалыматтар;

   

«Сурамдардын баяны» топтому

Айрым НБЭ боюнча уюлга келген сурамдардын саны. Бул маалыматтардан бир насыячынын үстүнөн башка уюмдан канча жолу сурам келгенин аныктоого болот.

   

«Насыялар баяны» топтому

НБЭнин бардык насыялары (берилген күнү, насыя түрү, насыя жыйындысы, бересе жыйындысы ж.б.) милдеттенмелердин узартылышы, төлөмдөрү боюнча маалыматтар.

 

Ассоциациянын маалымат топтомунда маалыматтар дайыма жаңыланып тургандыктан, алар калыпка салынган учурдагысы гана нактасы болуп эсептелет.

Ассоциация кеңсесинен укуктук тараптын жетекчиси же ал берген ишеним каттын негизинде аракеттенген анын ишенимдүүсүнө (аркысы ишенген), тийиштүү даректемелерди (караңыз. Даректемелердин саноолу) көрсөтүп, насыя баянын алууга арызды толтурганда берилет. Жоопчотту даярдоого бирден үч күнгө чейинки убакыт коройт. Насыя жоопчоту укуктук тараптын жетекчиси же ишенгендин өздүгүн тастыктаган даректемесин (паспортун) көрсөткөндө тикелей берилет.

Жыл сайын - биринчи насыя отчет акысыз.

Ар бир кийинки насыя отчетунун баасы 500 сом.

Кардарларды тейлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00 – 17:00 жүргүзүлөт., түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00.

Насыя отчетун ааламжеле (интернет) аркылуу накта убакыт шартында алууга болот. Бул үчүн I-CIB тейлөөсүнө кошулуу мүмкүндүгүн алуу керек.