I-CIB

«Online – насыя жоопчоту» - бул насыя баянчысына интернеттен дал ошол мезгилде, мурдагы жана азыркы насыя милдеттенмелери боюнча төлөөсүнүн жүрүшү туралуу маалыматтарды бере турган тейлөө. Насыя жоопчоту, укуктуу тараптын же жеке ишкердин жоюлуусунда, чет өлкөгө чыгуу, ишке орношуу, башка учурларда банктан же башка насыя мекемелеринен насыя алууда пайдаланылышы мүмкүн. «Online – насыя жоопчоту» насыя баянчысы насыя алуу кагаздарын дөндөп жаткан учурда тикелей Банк/КНУ/НШ кеңсесинде басылып чыгарылса жарактуу болуп эсептелет. Башка учурларда жоопчотту каалаган ыңгайлуу жерден бирок талап этилген жерге берер алдында басып чыгууга болот.

«Online – насыя баяны» - бул насыя баянчысына интернеттен дал ошол мезгилде, каталык болбошу жана шылуундук кылынбашы үчүн насыя баянынын туура жана толук болуусуна көз салууга мүмкүндүк берген тейлөө.

«SMS - кабарлоо» – бул насыя баянчысына интернеттен дал ошол мезгилде, смс -кабарлоо аркылуу уюлдук сүйлөшмөсүнө анын насыя баянында болуп жаткан бардык өзгөрүүлүрдү билдирип, алдыдагы төлөөнү эскертип турган тейлөө.

Эсиңизде болсун!

Насыя жоопчотундагы маалыматтар тез-тез өзгөрүлө берет, анткени, беримдерди жиберүү/жаңылоо 24 саат бою жүргүзүлүп турат. Ошондуктан, насыя жоопчоту түзүлгөн/алынган маалында гана жарактуу болуп эсептелет.

«Online – насыя жоопчоту/баяны/«SMS-кабарлоо” тейлөөлүрөнөн артыкчылыктары:

  • Сиздин маалыматтын купуялуулугу жана сакталуу тутумунун бекемдиги
  • Интернетке жалгаштырылган жадыкен болсо эле жетиштүү
  • НМБна барып келүү короочу убакытты үнөмдөп калуу
  • Өзүңүздүн насыя баяны боюнча маалыматтарга күнү-түнү жетип туруу
  • Өз мезгилинде насыя баяныңыздын толуктугуна жана тууралыгына көз салуу
  • Насыя баяныңыздагы өзгөрүүлөр жана алдыдагы төлөмдөр туралуу «SMS-кабарлоо”

Тейлөөнү пайдалана баштоо үчүн Сизге керек:

1. Тейлөөгө катышууга кирүү үчүн жазган өтүнүчүңүздү көрсөтүлгөн Сиздин уюлдук сүйлөшмөгө SMS аркылуу же Сиздин электрон дарегиңизге ассоциациядан келген Сиздин эсептик жазууңуз жигердетилгени туралуу кабарды алууңуз керек.

2. Браузердин даректик сабына киргизиңиз: http://online/ishenim.kg/

3. Ачылган барактын «Пайдалануучунун аты» жана «Купуя» («Имя пользователя» и «Пароль») тилкелерине тийиштүү маалыматтарды салыңыз. Биринчи жиберилүүдө Сиздин коопсуздукту сактоо максатында тутум купуяыңызды алмаштырууну өтүнүп, ал ийгиликтүү ооштурулса Сиз башкы баракка туш келесиз.

Тейлөөнүн баалары:

Баалар бардык салыктарды эсептөө менен берилип, 2014-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

Тейлөөлөр Баалар (сом)*

«Online – насыя жоопчоту»

  • Жеке тараптарга – 1 бирдикке 50 сом 
  • Укуктуу тараптарга – 1 бирдикке 100 сом
«Online – насыя баяны»
  • Жеке тарапка – айына 100 сом пайдалануу акысы (чексиз колдонуу) 
  • Укуктуу тарапка - айына 200 сом пайдалануу акысы (чексиз колдонуу)
«SMS-кабарлоо»
  • 5 SMSка чейин «Online – насыя баяны» тейлөө баасына кирет. 
  • 5 SMSтан ашса - айына 30 сом пайдалануу акысы

ЖТС-кабын (Пин-конверт) алуу каадасын бир ирет жасап, анан Сиз чектелбеген өлчөмдө өз насыя жоопчотун сурап алууну же насыя баяныңызга көз салып турууну тейлөө акысын төлөп гана ишке ашыра берсеңиз болот. Эгер купуяңызды жоготуп жиберсеңиз жтс-кабын кайра алууңуз керек, анткени купуяны кайра ордуна кою мүмкүн эмес. (эскертүү: ЖТС (пин) – жеке төптүк сан; SMS – кыска кабар тейлөөсү)
Кошумча суроолор болсо төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот: Бишкек ш., Ибраимова к. 115, 5 кабат, телефон: (312)69-00-65, E-mail: office@ishenim.kg; web-сайт: www.ishenim.kg