Насыя отчету (Сурам)

Насыя отчету (сурам) – кардардын каржылык абалы, анын төлөө жүрүмү (насыя өлчөмү, насыя мөөнөтү, алган күнү, бүткөн күнү, насыянын калдыгы, узартуунун саны) маалыматтарын камтыган, НБЭ (насыя баяны ээсинин) жоопчоту.

Насыя отчету КНМга жаңы насыячыларды тартууда, аракеттегилерге кошумча насыя берүүдө, ошондой эле насыя бөлүүдө берүү же бербөө чечимин ыкчам чыгарууда тобокелдикти азайтуу үчүн жардам берет.

Насыя отчету камтыйт:
   
«НБЭнин жеке маалыматтар» топтому Насыячынын жекелигин төптөштүрүүгө (иденттөөгө) мүмкүндүк берүүчү маалыматтар;
   
«Сурамдардын баяны» топтому Айрым насыячы боюнча уюлга келген сурамдардын саны. Бул маалыматтан бир насыячы үстүнөн башка уюмдан канча сурам келгенин аныктоо менен кыйыр түрдө анын шылуундугун көрүүгө болот.
   
«Насыялар баяны» топтому Насыячынын бардык насыялары (берилген күнү, насыя түрү, насыя жыйындысы, бересе жыйындысы ж.б.) милдеттенмелердин узартылышы, насыячынын төлөмдөрү боюнча маалыматтар.