Мажилис

about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg
about-us.jpg

«КЫРГЫЗСТАНДАГЫ НАСЫЯ МААЛЫМАТЫН АЛМАШУУ ТУТУМУ: ТАЖРЫЙБА, КƟЙГƟЙЛƟР ЖАНА ƟНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ»
ЭЛ АРАЛЫК МАЖИЛИСТИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ (БИШКЕК 2013, 5-7 СЕНТЯБРЫ)

2013-жылдын 5-7 сентябрында «Ишеним» насыя-маалымат уюлу» каржы-насыя мекемелеринин бирлиги» укуктук жактар бирикмеси «Кыргызстандагы насыя маалыматын алмашуу тутуму: тажрыйба, кɵйгɵйлɵр жана ɵнүгүү келечеги» эл аралык мажилисин өткөрдҮ.

Салтанаттуу ачылышта куттуктоо сөздөрҮ менен чыгышты: «Ишеним» НМУ мүдүрү Елебесова Акжолтой Жекшалиевна, «Ишеним» НМУ Мүдүрлөр Кеңешинин төрагасы Айбалаев Алмаз Маматович.

«Ишеним» НМУнун 10 жылдык өнүгүүсүн жыйынтыктап жатышып, чыгып сүйлөгөндөр анын ишмердиги башталгандан эле, каржы-насыя тутумун өркүндөтүүдө жигердүү катышканын, банк чөйрөсүндө жана каржы-насыя мамилелеринде жалпысынан туруктуулук жетишилгенин, Кыргыз Жумуриятынын аймагындагы жеке жана укуктук жактарга насыя кажырын (ресурсун) жеткирүү даражасынын жогорулаганын, ошондой эле, насыя тобокелдигинин төмөндөшүн жана насыялоо жараяны маалында насыя тобокелдигине кабылчу каржы-насыя мекемелеринин жана башка уюмдардын кызыкчылыгын коргоо камсыздалганын белгилешти. Заманбап жышаандарга караганда насыялоо чөйрөсүнө, насыя куржундун тобокел-башкаруусун жетектөөдө насыя уюлдарынын орду улам жогорулап жатканы, аларга тейлөө жана каалаган бардык маалыматты берүүдө сапатын арттыруу боюнча бийик жоопкерчиликти жүктөөдө.
Мажилистин ишине Кыргыз Жумуриятынын соодалык банктарынын жана ири каржы-насыя мекемелеринин биринчи жетекчилери, дасыккан жана жаңы насыя уюлдарынын жана бүткүл дүйнө боюнча насыя уюлдарынын желелеринде ишкер-кызыкчылыгы бар эл аралык холдинг компанияларынын башчылары, ошондой эле биздин жумуриятта тиркелген эл аралык демөөрчү уюмдардын өкүлдөрү жана банк менен насыя уюлдарына чечим беришкен компаниялардын өкүлдөрү жигердүү катышты.
Мажилистин биринчи бөлүгүнүн алкагында катышуучулар өздөрүнүн насыя маалыматын алмашуу тутумунун тажрыйбасын сунушташты, ошону менен катар колдонулуп келаткан тарыйкалык (технологиялык) чечимдерди таанытышты жана өз тейлөөлөрүнүн бир нечесин беришти.
Иш-чаранын экинчи, кесипкерлик бөлүгүндө насыя уюлдарынын ишмердигиндеги негизги жааттарга тийиштүү болгон кыйла маанилүү суроолорду талкуулашты.
Мажилистин жыйынтыктоочу бөлүгүндө «Ишеним» НМУнун Мүдүрлөр кеңеши жана башкаруунун аткаруу тыны (органы), бүткүл дүйнө боюнча насыя уюлдарында ишкер-кызыкчылыгы бар эл аралык холдинг компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу расмий жолугушууларды өткөрүштү. Бул жолугушууларда чет өлкөлҮк салгычылардын (инвесторлор) «Ишеним» насыя уюлу менен тикелей кызматташуу мүмкүндүгү боюнча суроолор талкууланды.

Мажилиске катышуучулардын тизмеси:    
  • European Bank for Reconstruction and Development
  • International Finance Corporation
  • International Monetary Fund
  • World Bank
  • Credit Bureau Singapore (Сингапур)
  • CRIF (Италия)
  • CIBT (Таджикистан)
  • SCHUFA (Германия)
  • FICO (Россия)
  • Kreditanstalt für Wiederaufbau (Германия)
  • Creditinfo Solutions (Исландия)​
  • «Самаркант жарчысы» гезити (Ɵзбекстан)
  • Кыргыз Жумуриятындагы Швейцария элчилиги
  • Кыргыз Жумуриятынын Улуттук Банкы
  • Кичикаржы Уюмдарынын Бирлиги
  • Кыргызстан Банктарынын Шаркети
  • «КЫРГЫЗСТАН соодалык банкы» ААК 
  • «Борбор Азия Капитал Банкы» ААК
  • «Бай тҮшҮм жана Ɵнөктөр» ККБ ЖАК
  • «РСК-Банк» ААК
  • «Финанс Кредит Банк КАБ» ААК
  • «Толубай» АКБ ЖАК
  • «БАНК-БАКАЙ» ААК
  • «Азия Банкы» ЖАК
  • «Демир-Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК
  • «Оптима Банк» ААК
  • Пакистан улуттук банкынын Бишкек бөлҮмҮ
  • «ФГ Компаньон» ККК ЖАК
  • «ОКСУС» КНК ЖАК
  • «МолБулакФинанс» КНК ЖЧК
  • «ФИНКА» КНК ЖАК
  • «СалымФинанс» ККК ААК
  • «Элет Капитал» КНК ЖЧК
  • «Дантико» НШ КК
  • «Первая МКК» ЖАК
  • «ЮниверсалФайнес энд Кредит» КНК ЖЧК

Силердин назарга өткөн мажилистин маткелдерин сунуштайбыз.

Сет Х. Маркс Crediitifoht. Group соодалык мүдүрү.
Баяндама нуктоосу: «Мерчемдик демилгеден жасамдык милдеттерге чейин. Кантип менчиктин курамы Насыя уюлуна таасир этет»

Орусча, англисче бет ачарларды жүктөп ал.

 

 

 

Елена Конева, насыя баяндары жана скоринг боюнча FICO уюлунун мүдүрү.
Баяндама нуктоосу: «FICO – насыя баяндары уюлу менен бирге аракеттенҮҮ тажрыйбасы»

Орусча, англисче бет ачарларды жүктөп ал.

 

 

 

 

Мая Фок, InfocreditHoldingslLtd жасамдык мүдүр.
Баяндама нуктоосу: «Уюл өндүрүмүн иштеп чыгуунун жол чийими»

Орусча, англисче бет ачарларды жүктөп ал.